Кыймыл саны
Кыймыл саны, импульс (лат. impulsus — согуу, түртүү) — механикалык кыймыл чени. Кыймыл саны Failed to parse (синтаксистик ката): {\displaystyle \acute{р}} =mv — багыты чекит ылдамдыгындай багытталган вектордук чоңдук. Күч таасир эткенде чекиттин Кыймыл санынын чоңдугу жана багыты Ньютон законунун негизинде өзгөрөт. Күч таасир этпегенде Кыймыл саны туруктуу болот. Механикалык системанын Кыймыл саны (Q) анын бардык k чекиттеринин Кыймыл санынын геометриялык суммасына же бардык системанын массасы (M) менен анын масса борборунун ылдамдыгынын Failed to parse (синтаксистик ката): {\displaystyle {\nu }_{с}} көбөйтүндүсүнө барабар: Q==M. Кыймыл санынын өзгөрүү закону төмөнкүчө жазылат: - = , мында , — баштапкы жана берилген убакыттагы системанын Кыймыл саны, Pk— тышкы күч импульсу. Системага тышкы күч таасир этпегенде ички күчтүн таасиринен системанын кээ бир бөлүкчөсүнүн Кыймыл саны өзгөрөт, бирок сакталуу закону боюнча бүткүл системанын Кыймыл саны туруктуу бойдон калат. Бул закондун негизинде реактивдүү кыймылды атуу учурундагы артка түртүүнү жана башка түшүндүрүүгө болот. Нерсенин ылдамдыгы жарыктыкына с жакындаган кезде, Кыймыл саны төмөнкү формула менен аныкталат: p=m/, мында =v/c, эгер v<<c болсо, бул формула Failed to parse (синтаксистик ката): {\displaystyle \acute{р}} =mv түрүндө жазылат. Физикалык талаалар да Кыймыл санына ээ, мисалы, электр-магнит талаасынын импульсу. Талаанын Кыймыл саны анын тыгыздыгы менен мүнөздөлөт жана талаанын чыңалышы же потенциалы менен туюнтулат, к. Кванттык механика.
Колдонулган адабияттар
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9