Корпускула-толкун экилтиктүүлүгү (дуализми)

testwiki долбоорунан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

Корпускула-толкун экилтиктүүлүгү (дуализми) – кванттык теориянын бир эле мезгилде корпускулалык (бөлүкчөлүк) жана толкундук касиетке ээ экендиги жөнүндөгү түшүнүгү. Классикалык физика түшүнүгү боюнча бөлүкчөнүн кыймылы жана толкундун таралышы принциптүү ар башка физикалык процесстер болуп эсептелет. Бирок жарыктын аракети астында металлдан электрондордун бөлүнүп чыгышы (фотоэффект), электрондордон жарыктын чачырашы (комптон эффекти) жана ушул сыяктуу бир катар тажрыйбалар жарыктын классикалык теориясына ылайык толкундук табиятка ээ жарык бөлүкчөлөрүнүн агымына (фотонго) окшош экендигин далилдеди. Фотон жарыктын жыштыгы жана толкун узундуктары менен байланышкан энергияга ε жана импульска p ээ: ε =ᶯ v, р= h/λ. Экинчи жагынан кристаллга келип түшкөн электрондордун агымы толкун түшүнүктөрүнүн негизинде гана түшүндүрүлүүчү дифракциялык сүрөттөлүштү берет. Бул сүрөттөлүш эркин кыймылдагы электронду толкун узундугу жана жыштыгы λ = h/р, v=ε/ h катыштары менен байланышкан де Бройль толкуну катары кароо менен түшүндүрүлөт, мында p – электрондун импульсу, ε – электрон энергиясы. Кийинчерээк бул кубулуш бардык микробөлүкчөлөр үчүн мүнөздүү экендиги аныкталды. Анын табигый талкууланышы кванттык механикада түшүндүрүлөт.

Колдонулган адабияттар