Квадраттык теңдеме

testwiki долбоорунан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

Квадраттык теңдеме – экинчи даражадагы, б. а., ax2+𝑏𝑥+c=0түрүндөгү бир белгисиздүү алгебралык теңдеме; мында a0, a, b, c – чыныгы сандар, башкача айтканда коэффициенти. D=b24𝑎𝑐 туюнтмасы ax2+𝑏𝑥+c квадраттык үч мүчөнүн дискриминанты деп аталат. Квадраттык теңдеме эки тамырга ээ: x1,2=b±b24𝑎𝑐2a жана эгер D0 болсо, анда тамырлары чыныгы жана түрдүү, качан D=0 болсо тамырлары дал келишет, качан D<0 болгондо чыныгы тамырга ээ болбойт, теңдеменин тамыры комплекстүү сандар (түйүндөш комплекстүү) болот. Квадраттык теңдеменин коэффициенттери жана тамырлары үчүн франциялык математик Ф. Виеттин теоремасына ылайык x1+x2=bc, x1x2=c/a катышы аткарылат. Бул теорема өзгөчө келтирилген квадраттык теңдеме үчүн өтө ыңгайлуу:x1+x2=p,x1x2=q. Биздин заманга чейинки 20-кылымдагы вавилондуктардын чопо такталардагы жазууларында квадраттык теңдеменин түшүндүрмөсүз чыгарылыштарды көптөгөн математиктер изилдеген.a𝑖𝑗.

Колдонулган адабияттар