Катар (математика)

testwiki долбоорунан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

Катар (математика) – белгилүү бир маанини берген математикалык символдордон турган а1, а2, ..., аn, ... удаалаштыгынын алгебралык суммасы а12+...+ аn+... (*) түрүндөгү туюнтма. Катардын мүчөлөрү сан, же функция, же вектор, же матрица жана башкаларды белгилеши мүмкүн. Ушуга жараша катар сандуу, функциялуу, векторлуу, матрицалуу жана башка деп аталат. Катардын (*) түрүндөгү кеңейтилип жазылышынын ордуна n=1an түрүндөгү кыскартылган белгилөө колдонулат. Эгер limnSn=S деген акыркы чекке ээ болсо анда ал жыйналуучу катар деп, ал эми Sn=a1+a2+...+an катардын толук эмес суммасы деп аталат. Эгер катардын толук эмес суммасы Sn удаалаштыгынын акыркы чеги жок болсо, анда ал жыйналбас катар деп аталат. Мисалы, чексиз кемүүчү a1+a1q+a1q2+...+a1qn... геометриялык прогрессия жыйналуучу катар, мында |q|<1, анткени S=limnSn=a11q (чексиз кемүүчү геометриялык прогрессиянын суммасы), ал эми 1–1+1–1+...+1n-1 +... сан удаалаштыгы жыйналбас катар, анткени толук эмес сумманын S1 = 1; S2=0; S3=1; S4=0, ... удаалаштыгынын чеги жок. Адабияттар: Маркушевич анын ичинде Ряды. Элементарный очерк. М., 1957; Фихтенгольц Г. М. Основы математического анализа. Т. 2. М., 1964.

Колдонулган адабияттар