Интервалдар методу

testwiki долбоорунан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

Интервалдар методу – барабарсыздыкты чыгаруу ыкмаларынын бири. y = f (x) функциясы сан огунда аныкталсын жана үзгүлтүксүз болсун деп кабыл алынат. f (x) = 0 теңдемесинин тамырларын таап, алар сан огунда белгиленет. Бул чекиттер сан огун бир нече аралыктарга бөлөт. Аралыктарда функция белгисин сактайт. Белгисин аныктоо үчүн аралыктын бир чекиттеги белгисин аныктоо жетиштүү. Мисалы, (x+3)(x+2)x(x1)>0 барабарсыздыгын чыгарууда f(x)=(x+3)(x+2)x(x1) функциясы x =-3, x =-2, x =0, x =1 чекиттеринде үзгүлтүккө ээ же нөлгө барабар болот. Бул чекиттер сан огун бир нече аралыктарга бөлөт (к. чийме), ар бир аралыктын ичинде f(x) функциясы белгисин сактайт. [1;] аралыгында алымдын жана бөлүмдүн бардык көбөйтүндүлөрү оң, ошондуктан f(x) > 0; ]0; 1[ аралыгында x -1 көбөйтүүчүсү гана терс, калган көбөйтүүчүлөр оң, башкача айтканда f(x)< 0; ушул сыяктуу эле [-2; 0] дында f(x) > 0 ; ] -3; -2 [инде f(x) < 0; ал эми ]- ; 3[ аралыгында f(x) > 0. Жыйынтыгында f(x) функциясы [;3[]2;0[]l; [ аралыктарында оң, башкача айтканда берилген барабарсыздык ушул аралыктарда гана чыгарылышка ээ болот.

Колдонулган адабияттар