Арифметикалык прогрессия

testwiki долбоорунан
13:49, 14 январь 2020 карата 185.117.151.246 (талкуу) (Эсеп) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

Арифметикалык прогрессия - экинчи мүчөсүнөн баштап улам кийинки мүчөсү өзүнөн мурдагы мүчөгө ушул прогрессия үчүн турактуу болгон бир эле d санын кошуудан алынуучу сан удаалаштыгы.d саны арифметикалык прогрессиянын айырмасы деп аталат.

Арифметикалык прогрессиянын эң жөнөкөй мисалы — натуралдык сандардын катары. 1-мүчөсү a1 айырмасы d болсо, анда арифметикалык прогрессия a1,a1+d,...a1+nd түрүндө жазылат. Арифметикалык прогрессия чектүү да, чексиз да болушу мүмкүн. Эгерде d>0 болсо, арифметикалык прогрессия өсүүчү, d<0 болсо — кемүүчү деп аталат. d=0 болсо, ал турактуу удаалаштык болот. Анын каалаган мүчөсү: an=a1+d(n1) формуласы менен табылат. n мүчөсүнүн суммасынын формуласы: Sn=((a1+an)/2)*n; Sn=((2a1=(n1)d)/2)*n

Колдонулган адабият

  • Математика: энциклопедиялык окуу куралы/ Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, - 2004