Кирхгоф эрежеси

testwiki долбоорунан
04:57, 27 август 2015 карата imported>ChoRusBot (Бот: автоматизированный импорт статей) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

Кирхгоф эрежеси — тармакталган электр тизмегиндеги ток күчүн, чыңалууну (же электр кыймылдаткыч күчүн) аныктоочу эреже. 1847-жылы немец физиги Г. Р. Кирхгоф төмөнкү 2 эрежени аныктаган:1) өткөргүчтөрдүн тармакталуу түйүнүнө ) чогулган токтордун алгебралык суммасы нөлгө барабар:k=1LIk=0; мында n тармактардын саны, түйүнгө агып келүүчү ток — оң, андан агып чыгуучусу — терс болот: I1+I2+I3=0. Бул эреже заряддардын сакталуу законунан келип чыгат; 2) электр тармагынан эркибизче бөлүп алынган ар кандай туюк контурдагы ток күчүнүн каршылыкка болгон көбөйтүндүсүнүн ξк алгебралык суммасы туюк чынжырдагы электр кыймылдаткыч күчүнүн алгебралык суммасына барабар: k=1nIkRk=k=1nIkξK n –— туюк контурдагы бөлүкчөлөрдүн саны. Саат жебесинин жүрүшүнө туура келген контурдун багыты оң деп эсептелет. Кирхгофтун 2-эрежеси электр тизмегине Ом законун колдонуудан алынат.

Колдонулган адабияттар