Квадраттык барабарсыздык

testwiki долбоорунан
04:50, 12 август 2015 карата imported>ChoRusBot (Бот: автоматизированный импорт статей) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

Квадраттык барабарсыздык – ax2+bx+c>0, ax2+bx+c<0 (а>0) түрүндөгү барабарсыздык. Белгисизине карата эки жагы тең көп мүчө болуп, жок дегенде анын бир жагы экинчи даражадагы белгисизди камтыса, анда ал бир белгисиздүү квадраттык барабарсыздык деп аталат. Андай барабарсыздыктарды каалаган учурда анын: ax2+ bx+c>0, ax2+bx+c<0, ax2+bx+c 0, болгон канондук түрүнүн бирине келтирип алууга болот, мында α0 Чыгарууга ыңгайлуу болуш үчүн аларды дагы: х2+рх+q>0, х2+рх+q<0, х2+рх+q0, x2+px+q0 түрүндө жазат, мында p=b/a жана q=c/a. х2+рх+q>0 же х2+рх+q<0. Квадраттык барабарсыздыкты чыгаруу үчүн x2+px+q үч мүчөсүн чыныгы коэффициенттүү көп мүчөгө, башкача айтканда, анын тамырларын (х1, х2) таап, x2+𝑝𝑥+q=(xx1)(xx2) деп ажыратып алып, интервалдар методу менен чыгарылат.

Колдонулган адабияттар