Квадрат

testwiki долбоорунан
06:00, 5 март 2021 карата imported>Абдырашит Сатылганов (Reverted edits by 193.106.49.29 (talk) to last revision by Абдырашит Сатылганов) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

Квадрат (латынча quadratus – төрт бурчтук, чарчы) – 1) тең жактуу тик бурчтук. Квадратты бурчтары тик ромб же бардык бурчтары жана жактары барабар параллелограмм деп да аныктоого болот. Мындан, квадрат параллелограммдын, төрт бурчтуктун жана ромбдун бардык касиеттерине ээ экендиги келип чыгат. Квадраттын диагоналдары өз ара перпендикуляр жана барабар болуп, кесилиш чекитинде тең экиге бөлүнөт. Квадрат төрт симметрия огуна жана бир симметрия борборуна ээ. Квадратка сырттан жана ичтен айлана сызууга болот. Квадрат анын жагы же диагоналы аркылуу түзүлөт. Пифагор мектебинде квадрат анын диагоналдары аркылуу өлчөнбөй тургандыгы табылган, башкача айтканда эгер а=1 болсо, анда d=2 болот, мында а – жагы, d – диагоналы. Каалаган квадратта: 1) A=B=C=D=90=π/2; 2) d1d2; 3) d=a2; 4) S=a2=d2/2; 5) r=a/2; 6) R=d/2; 7) S=4r2 мында S – аянт, r – ичтен сызылган жана R – сырттан сызылган айлананын радиусу; 2) эки бирдей көбөйүүчүлөрдүн көбөйтүндүсү же сандын, туюнтманын экинчи даражасы да квадрат болуп эсептелет.

Колдонулган адабияттар