Кысым (напор), гидравликада
Кысым (напор), гидравликада — берилген чекитте суюктук агымынын салыштырма (салмак бирдигине туура келген) механикалык энергиясын туюнтуучу сызыктуу чоңдук. Агымдын салыштырма энергиясынын запасы (толук кысымы) Бернулли теңдемеси менен аныкталат: H=z+P/+/2g, мында z — эсептөө тегиздигинен каралуучу чекитке чейинки бийиктик, P — ылдамдыкта аккан суюктук басымы, — суюктуктун салыштырма салмагы, g — эркин түшүүнүн ылдамдануусу. Биринчи эки кошулуучу абалдын (z) салыштырма потенциалдык энергиясы менен басымдын (P/) cуммасын аныкайт. Бул салыштырма потенциалдык энергиянын толук көрүнүшү болуп эсептелет жана гидростатистикалык кысым деп аталат, ал эми үчүнчү кошулуучу — салыштырма кинетикалык энергиянын туюнтуп ылдамдатылган кысым деп аталат. Агымды бойлото кысым азаят. Түтүк аркылуу аккан илээшкек суюктук учурунда коромжуланган кысым Дарси-Вейсбах формуласы менен чыгарылат. .
Колдонулган адабияттар
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9