Индукциялуулук

testwiki долбоорунан
08:55, 30 июль 2015 карата imported>ChoRusBot (Бот: автоматизированный импорт статей) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

Индукциялуулук — электр тизмегинин магниттик касиетин мүнөздөөчү физикалык чоңдук. Контур аркылуу өткөн ток анын айланасында магнит талаасын пайда кылат. Контурду кесип өтүүчү магниттик агым Ф электр тогуна I түз пропорциялаш:Ф=LI. Пропорциялаштык коэффициенти L индукциялуулук же контурдун өздүк индукциясынын коэффициенти деп аталат. Индукциялуулук контурдун чоңдугуна жана анын геометриялык формасына, ошондой эле чөйрөнүн магниттик өткөрүмдүүлүгүнө көз каранды. Индукциялуулук бирдиктердин эл аралык системасында (СИ) генри (Гн) менен ченелет, ал эми СГС системасында индукциялуулук узундук ченине ээ. Ошондуктан индукциялуулук бирдиги сантиметр менен өлчөнөт (1 Гн=109 см). Индукциялуулук аркылуу контурдагы ток өзгөргөндө андагы пайда болуучу өздүк индукциянын ЭКК төмөнкүчө, LI М туюнтулат: e = LΔ𝐼Δ𝑡 , мында Δ𝐼Δ𝑡 ток күчүнүн өзгөрүү ылдамдыгы. Индукциялуулук токтун магнит талаасынын энергиясын аныктайт: W=LI2/2/2. Бул формуланы механикадагы нерсенин кинетикалык энергиясы менен салыштыруудан, массанын электр-динамикалык окшоштугу индукциялуулук экени көрүнүп турат. Демек, индукциялуулук – токтун инерциялык касиетин аныктоочу чоңдук. Индукциялуулук ту көбөйтүү үчүн темир өзөкчөлүү чыгырыктар колдонулат.

Колдонулган адабияттар