Гармониялык термелүү

testwiki долбоорунан
07:23, 4 март 2023 карата imported>Bosogo (Reverted edits by 146.120.212.130 (talk) to last revision by ChoRusBot) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

Гармониялык термелүү — кандайдыр физикалык чоңдуктун убакыт ичинде синус же косинус закондору менен өзгөрүшү. Ал эң жөнөкөй термелүүлөр болуп эсептелет. Механикалык термелүүдө гармониялык термелүү жылыш аралыгы x=Asin(ωt+ϕ) же x=Acos(ωt+ϕ) теңдемеси менен туюнтулат. Мында xубакыттын берилген t моментинде термелүүчү чоңдуктун маанпсп, A термелүү амплитудасы, (ωt+ϕ) — термелүү фазасы, ω айлануу же циклдик жыштык, ω — баштапкы фаза. Графикте гармониялык термелүү синусоида же косинусоида менен мүнөздөлөт. Ал серпилгичтүү же ага окшош өзгөрүүчү күчтөрдүн аракети менен дайыма тең салмактуу абалдын айланасында болот. Гармониялык термелүү түрдүү формадагы термелүүлөрдүн эң маанилүүсү.

Колдонулган адабияттар