Аралык

testwiki долбоорунан
12:49, 11 март 2013 карата imported>Legobot (Bot: Migrating 59 interwiki links, now provided by Wikidata on d:q126017 (translate me)) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

Аралык — кандай объект үчүн аныкталып жаткандыгына көз каранды болгон геометриялык түшүнүк.

Каалагандай A,B эки чекитинин ортосундагы аралык — аларды туташтыруучу түз сызыктын AB кесиндисинин узундугун туюнтуучу |AB| терс эмес саны. Чекиттен түз сызыкка же тегиздикке чейинки аралык — ал чекиттен түз сызыкка же тегиздикке түшүрүлгөн перпендикулярдын узундугу, ал эми жарыш 2 түз сызыктын же тегиздиктин, кайчылаш 2 түз сызыктын ортосундагы аралык ал түз сызыктарга (тегиздиктерге) жүргүзүлгөн жалпы перпендикулярдын кесиндисинин узундугу болот. A(x,y) жана B(x1y1) чекиттеринин ортосундагы аралык |AB|= формуласы менен аныкталат.


Колдонулган адабият

  • Математика: энциклопедиялык окуу куралы/ Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, - 2004